Балдар-биздин келечегибиз, бактыбыз, үмүтүбүз.

Балдар-биздин келечегибиз, бактыбыз, үмүтүбүз.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ЖКККББнын көп балалуу бактылуу кызматкерлеринин үй-бүлөсүнөн кабар алып, балдарын бүгүнкү майрамы менен куттуктап, өздүк курамдын атынан белектерди тартуулашты.

Айта кетсек, ЖКККББнын Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын полкунун  1-ротасынын командири милициянын майору Нурлан Бейшекеев келинчеги менен алты баланы татыктуу таалим тарбия менен чоңойтуп, өстүрүп, коомдо үлгүлүү үй-бүлө болуп келет.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.