Эми айдоочулар өздөрү жашаган аймагында газ-баллон жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат ала алышат.

Эми айдоочулар өздөрү жашаган аймагында газ-баллон  жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат ала алышат.


Эми айдоочулар өздөрү жашаган аймагында газ-баллон  жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат ала алышат. Азыркы учурда  Баткен облусун кошпогондо, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынан башка да бардык аймактык бөлүмдөрү бул кызматты көрсөтүүдө. 

Газ-баллон  жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкү докумменттерди топтоо зарыл.

1) алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн:

- жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисинин атына жазылган арыз;

- паспорттун көчүрмөсү;

- транспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү), техникалык күбөлүк);

- транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу (тескөө) укугун ырастоочу документ (ишеним кат);

 - кайра жабдууга дайындалган эскиздик долбоорду (чийме).

2) конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө сертификатты алууга төмөнкү докумменттер керектелет.

- эксперттик комиссиянын корутундусу (эксперттик комиссиянын корутундусу жоголсо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү тарабынан берилген дубликат жарактуу болот);

- транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн аткарылган иштердин көлөмү жана сапаты жөнүндө маалымкат;

- конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасы;

- транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө сертификат;

- техникалык кароонун  диагностикалык картасы.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.