Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кызматка кабыл алуу үчүн сынак жарыялайт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кызматка кабыл алуу үчүн  сынак жарыялайт.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кенже жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүгө конкурс жарыялайт.


Конкурска 19дан 30 жашка чейинки  жалпы орто билимге ээ болгон айдоочулук күбөлүгүнүн В менен С категориясы бар болгон жарандар талапкер боло алат.

Конкурска катышууну каалагандар төмөнкү документтерди алып келиши керек:

-жеке арыз;

-кадрларды каттоо боюнча баракча:

-өмүр баяны эки экземплярда (кол менен жазылган жана компьютерде терилген);

-автобиографиялык реферат;

-билими тууралуу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

-нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

-эркектер үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасын конкурс учурунда көрсөтөт);

-паспорттун копиясы;

-никелешүү жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;

-укук коргоо органдарында иштөөгө жарактуулугу тууралуу аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;

-9х12 өлчөмүндөгү бир, 3х4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт.


Документтер Бишкек шаарынын Чокан Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат. Телефондор: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01.


Кабыл алуу  2024-жылдын 28-июнуна чейин уланат.



ЖКККББнын басма сөз кызматы.