ЖКККББ: Тез жардам кызматынын айдоочулары менен көчмө жыйын өткөрүлдү.

ЖКККББ: Тез жардам кызматынын айдоочулары менен көчмө жыйын өткөрүлдү.


ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Тез жардам” кызматынын жана  автобазасынын  өкүлдөрүнүн, жеке лаборатория жана жеке “Тез жардам” кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү.


Жыйын учурунда айдоочуларга жол жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тез жардам унаасы бейтап менен бара жаткан учурда  башка айдоочулар жол бошотуп берүүлөрүн эскертүү үчүн, жакынкы күндөрү  «Маяк» аттуу рейдтик иш-чараны  өткөрүү керек экендиги эскертилди.



ЖКККББнын басма сөз кызматы.