Кызматтык көп түрдүүлүк таймашында ЖКККББгы экинчи орунда алды.

Кызматтык көп түрдүүлүк таймашында ЖКККББгы экинчи орунда алды.


2024-жылдын 15-мартында “Динамо” спорт комплексинде олимпиада чемпиону А.Милентьевдин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматтык көп түрдүүлүк боюнча (“Макаров” тапанчасынан, “Калашников” автоматынан жана майда калибрлүү куралдан ок атуу, ошондой эле алыс аралыкка чуркоо жана чуркап келип, граната ыргытуу жана ок атуу көнүгүүлөрү)  чемпионатынын жыйынтыгы чыгарылды.

Анда, ИИМдин түзүмдөрүнөн, бөлүктөрүнөн түзүлгөн курама командалар катышып, жалпы командалык биринчи орунду ИИМдин атайын багыттагы полку, экинчи орунду ИИМдин ЖКККББгы, ал эми үчүнчү орунду ИИМдин академиясы ээледи.

Командалык экинчи орунду алган ЖКККББнын кызматкерлерине жетекчилик тарабына медальдар жана  грамоталар ыйгарылды.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.