ЖКККББ: Кызматтык көп түрдүүлүк таймашы боюнча ЖКККББнын борбордук аппараты биринчиликти алды.

ЖКККББ: Кызматтык  көп түрдүүлүк таймашы боюнча ЖКККББнын борбордук аппараты биринчиликти алды.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 2024-жылга карата түзүлгөн спорттук календардык иш-мерчеминин негизинде 1-2-март күндөрү Бишкек шаарындагы "Динамо" спорт комплексинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматтык көп түрдүүлүк таймашы жана ок атуу  (“Макаров” тапанчасынан, “Калашников” автоматынан жана  майда калибрлүү куралдан ок атуу, ошондой эле алыс аралыкка чуркоо жана чуркап келип, граната ыргытуу жана ок атуу көнүгүүлөрү)   боюнча биринчилиги өткөзүлдү.

Мелдешке ЖКККББнын жер-жерлердеги түзүлгөн курама командалары катышып, жалпы жыйынтыгы боюнча командалык биринчи орунду  ЖКККББнын борбордук аппараты, экинчи орунду Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы, ал эми үчүнчү орунду Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы ээледи.


Бул ар бир мелдештин түрүнөн биринчи орунду алган кызматкерлер жакында  өтө турган Кыргыз Республикасынын ИИМдин чемпионатына катышат.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.