ЖКККББ: Алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында бир жума ичинде 20 197 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
ЖКККББ: Алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында бир жума ичинде
20 197 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 19-февральдан тартып, 25-февральга чейин, алдын ала маалымат боюнча 20 197 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-364;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -448;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-40;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1173;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3138;
-Авто ээнбаштык - 14;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2854;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 1;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –12 179;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1431 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
ЖКККББнын басма сөз кызматы