Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кыз ала качууга шектүү жарандарды кармашты.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кыз  ала качууга шектүү жарандарды кармашты.

 

2024-жылдын 9-январында болжол менен саат 14:50 чамасында  Ак-Босого конушундагы үйлөрдүн биринен  1998-жылы туулган Р.М. аттуу кызды белгисиз жарандар күчкө салып,  “Хонда Стэпвэгон”  үлгүсүндөгү авто унаага  отургузуп, белгисиз тарапка качып кетти деген маалымат келип түшкөн.

 

Бул факты боюнча Бишкек шарына жана Чүй облусу  боюнча "Тосмо" иш мерчеми киргизилип, ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында,  кылмыш изи суй электе, Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү авто унаанын 1978-жылы туулган айдоочусу  жана жанындагы жүргүнчүсү 1992-жылы туулган Ш.Р. аттуу жарандар Жайыл районун Сосновка айылынан кармалган.

 

Азыркы учурда шектүү жарандар андан ары тийиштүү чараларды көрүү үчүн, Жайыл РИИБнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилүүдө. Ал эми авто унаасы айып короо жайына токтотулду.

 

ЖКККББнын басма сөз кызматы.