ЖКККББ: Ысык-Көлдө жүк ташуучу унааларга жарык чагылдыруучу элемменттер чапталууда.

ЖКККББ: Ысык-Көлдө  жүк ташуучу унааларга жарык чагылдыруучу элемменттер чапталууда.

Ысык-Көлдө жол кырсыктарынын алдын алуу багытындагы аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында, ЖКККБнүн аппаратынын кызматкерлеринин демилгеси менен аймактарда жүк ташуучу авто унааларга түнкүсүн жарык чагылдыруучу каражаттар тагылууда. 

Бул жарык чагылдыруучу каражаттар түнкүсүн жолдо жүргөн айдоочуларга жагымдуу шарттарды түзөт, өзгөчө жол жээктеги токтоп турган автоунааларга тагылган каржаттар алыстан жарык чагылдырып, бир катар жол кырсыктардан сактап калаарын практика көрсөтүүдө.
Ошону менен бирге айдоочуларга кыш мезгилин эске алып, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жолдо жүрүү учурунда аралыкты сактап, ылдамдыкты ашырып айдабастан, жол эрежелерин так сактоолору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар облустун баардык шаар райондорунда уюштурулуп, өткөрүлүүдө.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.