Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кызматкерлерди кабыл алуу сынагын улантууда.
Мында талапкерлерге коюлган негизги квалификациялык талаптар жеңилдетилген. Эми 19дан 30 жашка чейинки жарандар ЖКККББнын кызматкери болуп иштей алат. Мурдагыдай жогорку билим милдеттүү эмес, жалпы орто билимге ээ болгону жетиштүү.
Буга чейин айдоочулук күбөлүгүндө А, А1, В, С категориялары болушу талап кылынган, азыр В менен С гана керектелет.
Конкурска катышууну каалагандар төмөнкү документтерди алып келиши керек:
жеке арыз;
кадрларды каттоо боюнча баракча:
өмүр баяны эки экземплярда (кол менен жазылган жана компьютерде терилген);
автобиографиялык реферат;
билими тууралуу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
эркектер үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасын конкурс учурунда көрсөтөт);
паспорттун копиясы;
никелешүү жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
укук коргоо органдарында иштөөгө жарактуулугу тууралуу аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
9х12 өлчөмүндөгү бир, 3х4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт.
Документтер Бишкек шаарынын Чокан Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат. Телефондор: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01.
Кабыл алуу ушул жылдын 22-декабрына чейин уланат.
ЖКККББнын басма сөз кызматы.