ЖКККББ: 9 айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

ЖКККББ: 9 айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.




Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы бакшармалыгында башкармалыктын башчысы Азамат Исраиловтун жана орун басарларынын, жана ЖКККББнын жер-жерлердеги башкармалык жана бөлүм башчыларынын  катышуусунда 9 айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүп,  төмөнкү маселелер  каралды.


Жыл башынан тартып, ЖКККББгы тарабынан жалпысынан  746 миң.  673 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, мамлекеттик бюджетке  396 мл. 092 миң. 240 сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 60 мл. 212 миң 170 сомго көп өндүрүлгөн.


Алардын ичинен:


-Мас абалында унаа башкаргандар 8 682 (13 пайызга азайган);


-Ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар 125 422 ;


-Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 2 409 ;


-Тийиштүү докумменттери жок унаа башкаргандар  7 828 ;


-Авто ээнбаштык кылгандар 282 ;


-Коопсуз курун тагынбаган айдоочулар 178 146 ;


-Айдоого укугу жок жарандардын авто унаа башкаруусу 2 101;


-Техникалык абалы оң абалда эмес  унааны башкарган айдоочулар 1 223 ;


-Башка жол эрежелерин бузуулар  420 582.


Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн  59 996 авто унаа убактылуу айып короо жайына киргизилген.



Ошондой эле, ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов жол унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмаларды коюп, кызматтын кызыкчылы үчүн, кызматкерлерди жер-жерлерге

ротацияоо иштери уланаарын  белгиледи.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.