ЖКККББ: Мектеп окуучуларына жол эрежелери үйрөтүлүүдө.

ЖКККББ: Мектеп окуучуларына жол эрежелери үйрөтүлүүдө.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери  жана Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери  Токтогул Сатылганов атындагы №69, ошондой эле, №26 окуу-тарбия  комплекс-гимназияларына барып, жол коопсуздугу багытында атайын профилактикалык иш-чараларды өткөрүп келишти.

Анда,  мектеп окуучуларына үйдөн чыккандан тартып, мектепке чейинки аралыктын маршруттук чийинин, жол чырактардын, жөө өтмөктөрдүн, жол белгилеринин эрежелерин эскертишип, мектеп окуучуларынан суроо-жооп алышты. 

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө  өлкө аймагындагы баардык орто мектептердин ар бирине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бирден бекитилип, мектеп окуучуларынын жол коопсузугун камсыздап келишүүдө.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.