ЖКККББ: Мектеп окуучулары ЖКККББнын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Окуу жылынын башталышын утурлай, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери  алгачкы класстын окуучуларын ЖКККББнын имаратына алып келип, кызматтык унааларды, атайын каражаттарды жана жол коопсуздугун камсыздоо багытындагы көрүлүп жаткан иштерди көрсөтүү менен кеңири тааныштырды.

Ошондой эле, өспүрүмдөргө жол эрежелеринде көрсөтүлгөн жөө жүргүнчүлөрдүн укук милдеттерин үйрөтүп, практика жүзүндө көрсөтүп беришти.

Иш-чаранын  соңунда алгачкы класстын окуучуларына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан атайын таттуулар таратылып, кызматтык унаанын коштоосу менен кайрадан мектептерине жеткирилди.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.