“Кооптуу, ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү коштоо” мамлекеттик кызмат көрсөтүү СТАНДАРТЫ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 8-главасынын 11-пункту)

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту

1

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо

Кооптуу, ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү коштоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-глава, 11-пункт

2

Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (муниципалдык мекеменин) толук аталышы

Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - КР ИИМ).

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (мындан ары – ЖКККББ) – КР ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында атайын инспекциялык, контролдук, көзөмөлдүк жана уруксат берүүчү функцияларды, ошондой эле автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик контролдоо жана лицензиялоо боюнча функцияларды, транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутууну (кайра окутууну) жүзөгө ашырган автомектептердин ишин лицензиялоо боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ведомстволук бөлүмү

3

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар

Жеке жана юридикалык жактар

4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (8-берене);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 “Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 60 “Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому

5

Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын автожолдору жана калктуу конуштардын көчөлөрү боюнча коопсуз өтүүнү жана тоскоолсуз жүрүүнү камсыздоо менен аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча актынын түзүлүшү

6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Арыз ээси кайрылган учурда кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:

- белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген имараттарда;

- жарандар үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок имараттарда;

- кезек күтүү принциби боюнча.

Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган.

Кооптуу, ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү коштоо КР ИИМ ЖККБББнын кызматкерлери тарабынан кайгуул автомобилдеринде жүргүзүлөт

7

 

 

 

 

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

 

 

 

Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү алуу иш-аракеттери үчүн чектелген убакыт - 15 мүнөткө чейин.

Арыз берилген күнү каралат.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык белгиленет

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө маалымдоо

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:

- КР ИИМ ЖКККББнын расмий сайтында: https://www.guobdd.kg;

- КР ИИМ ЖКККББга жеке кайрылганда;

- КР ИИМ ЖКККББнын маалыматтык такталарында.

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет

 

9

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:

- ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү);

- КР ИИМ ЖКККББнын сайтында: https://www.guobdd.kg;

- маалыматтык такталарында;

- жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу.

Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты КР ИИМ ЖКККББнын такталарына, сайтына (https://www.guobdd.kg) жайгаштырылат

Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Келүүчүлөр менен пикир алмашуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө.

Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функционалдык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдери сактоосу керек

11

Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары

Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

12

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

- кооптуу, ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдүн келген жана кеткен күнүн, убактысын жана жерин көрсөтүү менен кызмат көрсөтүү тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз (юридикалык жактар үчүн - уюмдун/мекеменин расмий бланкында);

- ири габариттүү жана оор салмактуу жүктү ташууга атайын уруксат

13

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт.

Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.

Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал КР ИИМ ЖКККББнын маалымат такталарына жана расмий сайтына (https://www.guobdd.kg) жайгаштырылат. Акы төлөө шарттары: акы төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү

14

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:

- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;

- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;

- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү;

- аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү;

- жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу;

- Кыргыз Республикасынын автожолдору жана калктуу конуштарынын көчөлөрү боюнча коопсуз өтүү жана тоскоолсуз жүрүү

15

 

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү

 

 

Кызмат көрсөтүү, кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты берүүнүн жана арыз тапшыруунун этабында guobddmvdkr@gmail.com электрондук почтага билдирүү жиберүү аркылуу жарым-жартылай электрондук форматта берилет.

Билдирүүнү электрондук түрдө берүүдө кол коюу укугуна ээ болгон адамдын электрондук кол тамгасынын болуусу милдеттүү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу

тартиби

16

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурда баш тартылышы мүмкүн:

- ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтер керектөөчү тарабынан берилбеген учурда

17

 

 

 

 

Даттануу тартиби

 

 

 

 

Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү оозеки же жазуу (электрондук) жүзүндө арыз (даттануу) менен КР ИИМ ЖКККББнын жана/же КР ИИМдин жетекчилигине кайрылууга укуктуу.

Кайрылуунун (арыз, даттануу) тартиби, аларды кароонун тартиби, мөөнөттөрү, талаптары жана укуктук кесепеттери “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

Кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси КР ИИМ жана/же КР ИИМ ЖКККББнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу

18

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек