Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык, буйрук кылам:

1. Тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмесине) киргизилген, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү “Кооптуу, ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү коштоо” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 8-главасынын 11-пункту) мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына:

1) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, “Эркин-Тоо” гезитине же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;

3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберилсин;

4) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын расмий сайтына жарыяланышы камсыз кылынсын;

- жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартына ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча иштер уюштурулсун;

- көрсөтүлгөн кызматтын сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлсүн;

- ушул буйруктан келип чыгуучу зарыл чаралар көрүлсүн.

3. Ушул буйруктун талаптарын талаптагыдай аткаруу үчүн жоопкерчилик, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысына жүктөлсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору О.Дж. Урмамбетовго жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.

 

 

 

Министр

милициянын генерал-лейтенанты                                        У.О. Ниязбеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Министрдин орун басары

милициянын генерал-майору                                                                               О.Дж. Урмамбетов

 

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин

Катчылыгынын башчысы

милициянын полковниги                                                     А.А. Коомбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин

УКБнын башчысынын орун басары

милициянын полковниги                                                     Э.А. Исакова

 

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин

ЖКККББнын башчысы

милициянын полковниги                                                     А.Б. Исраилов

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин

БШнын кыргыз тил бөлүмү________________________________________

 

 

 

 

 

Заместитель министра

генерал-майор милиции                                              О.Дж. Урмамбетов

 

 

Начальник Секретариат МВД Кыргызской Республики

полковник милиции                                                     А.А. Коомбаев

 

 

Заместитель начальника управления

правового обеспечение МВД Кыргызской Республики

полковник милиции                                                     Э.А. Исакова

 

 

Начальник Главного управления по обеспечению

безопасности дорожного движения

МВД Кыргызской Республики

полковник милиции                                                     А.Б. Исраилов