ЖКККББ: “РН-Кыргызнефтепродукт” жабык акционердик коомунун айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу тажрайба башкармалыгынын кызматкери Музатай Байзаков жетекчиликтин тапшырмасы менен “РН-Кыргызнефтепродукт” жабык акционердик коомунун күйүүчү май ташыган коопту жүк ташуучу авто унааларынын айдоочулары менен жолугуп, жол эрежелерин сактоо багытында  семинар өтүп келди.

Анда,  күйүүчү май ташыган коопту жүк ташуучу авто унаалардын айдоочуларына төмөнкү эрежелерди так сактоого чакырды.
-Коопту жүк ташуу учурунда, сөзсүз алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактоо;
-Коопту жүктөрдү күндүн күндүзгү жарык учурунда кана ташуу ;
-Сөзсүз түрдө техникалык кароодон унааны өткөрүп туруу;
-Коопту жүк ташыган унааны калктуу конуш жашаган жолдорго токтотпоо;
-Коопту жүк ташыган унааларда жол эрежелерине ылайык, “Коопту жүк” –деген белгиси болуусу шарт;
-Коопту жүк ташыйын деп жаткан айдоочуда аз дегенде 3 жылдык айдоочулук тажрайбасы болуусу;
-Коопту жүктү алып бара турган жердин  жолунун  убактысы 12 сааттан көп болсо, жанында сөзсүз алмаштырып айдаган жеригинин болуусу зарыл кендигин эскертти. 
Андан сырткары  айдоочуларга ЖКККББнын атынан атайын даярдалган эскертүү буклеттери таратылды.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.