ЖКККББнын жетекчиси Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси менен жолугушуу өткөрдү.

ЖКККББнын жетекчиси   Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын  ИИМдин ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун төрагасы Д-р Ливиу Ведраско  менен жолугуп, Кыргыз Республикасынын аймагындагы  катталып жаткан жол кырсыктарынын  келип чыгуу себеби жана  анын алдын алуу багытында маектешүү өткөрдү. Ошондой эле Европалык регионалдык бюросунун Айлана-чөйрөнү коргоо жана ден соолук, жол коопсуздугу, зордук-зомбулук жана кырсыктардын алдын алуу боюнча программасынын  жетекчиси “Jonathon Passmore”  мырза менен онлайн аркылуу  жол кырсыктарын талдоо жана анын алдын алуу багытында биргелешкен кызматташуу багытында маселелерди талкуулашты.

Азамат Исраилов жалпы жол кырсыктарынын алдын алуу багытында толукталып жаткан  укуктук ченемдик актыларды, өзгөртүлүп  жана сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорду, жаңылоого жана алмаштырууга муктаж болгон эл аралык жолдордогу  жол белгилери, жол чийиндери жана жалпы жолдордун абалы. Ошондой эле, айдоочулардын жол эрежелеринин сактоо багытындагы жеке жоопкерчиликтери боюнча сөз сүйлөп, жол кырсыктарынын алдын алуу багытында Эл аралык уюмдар менен тажрыйба алмашуу менен  кызматташууга даяр экендигин билдирди.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.