ЖКККББ: Мындан ары такси каттамдары автобекеттерден кана жолго чыгышат.

ЖКККББ: Мындан ары такси каттамдары автобекеттерден кана жолго чыгышат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери  өлкө башчынын жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынын аймагынан сырткары башка аймактарга каттаган маршруттук таксилердин каттамын Автобекеттерде кана жүргүзүнү ишке ашырууда. 
Ошонун алкагында,  Ош базардын тегерегиндеги баш аламан орун алган такси кызматынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен, баарын автобекеттин ичине орун берип, киргизүүдө. Анткени, сыртта өз алдынча каттамга  чыккан такси кызматтарына көзөмөл жок болуп, алар каалаган учурда бир сутка ичинде эки жолу каттамга чыгып, чарчаңкы психологиялык жактан даяр эмес, авто унаанын техникалык абалына көңүл бурулбай, айдоочу өзү уктап кетип, жол кырсыктарына кабылган фактылар кездешүүдө.

Ал эми автобекетте  алыскы аймактарга каттаган таксилердин баарына көзөмөл жүргүзүлүп, кезек-кезеги менен каттамга чыгарылып, баардыгы атайын журналга катталып, унаалардын техникалык абалына да көзөмөл жүргүзүлүп турат.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.