ЖКККББ:Окуу жылынын башталышына саналуу күндөр калды. Ата-энелер, балдарга жол эрежелерин эскертип коюңуз!

Окуу жылынын башталышына саналуу күндөр калды. Ата-энелер, балдарга жол эрежелерин эскертип коюңуз!

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы окуу жылынын  башталышына саналуу күндөр калгандыгын эскертип, ата-энелерден алгачкы класска бара жаткан мектеп окуучуларына  жол эрежелерин үйрөтүп жана эскертип баштоону өтүнөт. 
 
Айрыкча,  алгачкы класстын босогосун аттап жаткан окуучуларга  үйдөн чыккандан тартып, мектепке чейинки аралыктагы  жол чырактарды, жол белгилерди, жөө өтмөктөрдү, жердин үстү жана жердин асты менен өтүүчү өткөөлдөрдү көрсөтүүнү, үйдөн мектепке чейинки аралыктагы маршруттук чийинди жаттатып, көчөдө бара жатканда шашпай, жолдун чети менен басуу керек экендигин, ошондой эле көчөнүн бир жагынан экинчи жагына өтүүдө ар дайым эки жакты карап өтүү зарыл экендигин үйрөтүүнү өтүнөт.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.