ЖКККББнын кызматкерлери Таиландтан келген туристтерге жардам көрсөтүштү

Таиланд жана Англиядан келген туристтер Кыргызстандын тоолу аймактарын кыдырып жүрүп, Ош-Бишкек унаа жолунун 451-чакырымында авто унаасы бузулуп, бир нече күндөн бери  унаасын оңдой албай туруп калышкан.  Аларды ЖКККББнын  Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери көрүшүп, бузулуп калган авто унаасын Таш-Көмүр шаарына чейин кошумча техника менен сүйрөп келип беришкен. Ал эми,  туристтерге тамак-аш, суусундуктарды  алып беришкен. 
Өз кезегинде  туристтер  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин көрсөткөн жардамын бийик баалап, рахматын айтып ыраазычылык билдиришкен. 

ЖКККББнын басма сөз кызматы.