ЖКККББ: “Опасный груз” аталышында рейд өткөрүлүп, 160 000 сом айып салынды.

ЖКККББ:  “Опасный груз”  аталышында рейд өткөрүлүп, 160 000 сом айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмү  күйүүчү май ташыган, жарылып кетүү коркунучу бар заттарды ташыган, газ ташыган, радиоактивдүү  уулу заттарды ташыган оор жана коопту жүк ташыган унааларга карата “Опасный груз”   аталышында рейддик иш-чара өткөрүп, коопсуздук эрежелерин толук кандуу сактабаган оор жүк ташуучу унааларга жалпысынан 160 000 сом айып салышты.

Бул рейддик иш-чара 15-августтан тартып, 17-августка чейин улантылып, коопту жана оор жүк ташуучу унаалардын баарын текшерүү менен жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.