ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 21 203 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 21 203 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 7-августан тартып, 13-августка
чейин, 21 203 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-277;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -241;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-53;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу фактылары-1 167;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 190;

-Авто ээнбаштык – 8;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 832;
 
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 435;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 424 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. 

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.


ЖКККББнын Басма сөз кызматы