ЖКККББ: Кызматкерлердин ишмердүүлүгү онлайн көзөмөлдөнүүдө. Боди камералар иштөөдө

ЖКККББнын кызматкерлеринин кайгуул күзөт өтөөсүнүн жоопкерчилиги күчөтүлөт. Анткени, кызматкерлерге кызматкерлердин ишмердүүлүгүн 24 саат бою көзөмөлгө алган боди камераларды орноштурууда. Бул камералар кызматкерлердин көкүрөк төшүнө же иийниндеги погонун астына орнотулуп, кызмат өтөө учурундагы баардык кыймыл аракеттерин онлайн көрсөтүү менен видео жана аудио форматта жазып сакталып, ИИМдин жетекчилиги аркылуу көзөмөлдөнүп турууда. Айрыкча, кызматкерлердин кызмат өтөө учурундагы айдоочулар менен болгон мамилесин, мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышын коррупциялык элементтерге жол бербөөсүн, конфликттик жагдайлар учурундагы керектүү далил фактылардын жазылуусун, бөлүнгөн күзөт чарчыларынын кырдаалдык абалын, жада калса, жоопкерчиликтен оңой кутулуу үчүн, акча сунуштаган айдоочулардын да, өңүн түсүн жана сүйлөгөңдөрүн видео форматта жаздырылып, онлайн мониторинг жүргүзүү менен, тийиштүү чаралар көрүлүп турат. Азыркы учурда, бул камералар Ысык-Көл жана Чүй облустарына жана Бишкек шаарындагы кызматкерлерге берилген. Ошондой эле келечекте ЖКККББнын жер-жерлердеги баардык бөлүмдөрүндөгү кызматкерлерине берилет.. ЖКККББнын басма сөз кызматы.