ЖКККББ: Ош облусунда түнкүсүн жаркылдоочу макеттер орнотулууда.

Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн үгүт-насаат ишитеринин алкагында жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана азайтуу максатында, ошондой эле каттуу ылдамдыкта айдаган айдоочуларга профилактика иретинде, түнкүсүн кадимки кызматтык унаадай жаркылдап турган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган атайын макеттер талдоонун негизинде жол унаа кырсыктары көп катталган аймактарга орнотулууда.

Азыркы учурда бул макеттер Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Суу райондоруна орнотулуп, жакынкы күндөрү башка райондорго да орнотуу каралууда.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында мындай ыкма жакшы натыйжа берип жаткандыгын айтышып,  мектепке жакынкы жолдорго жана калктуу конуштарды кесип өткөн чоң жолдорго да түнкүсүн койуп берүүнү өтүнүшүүдө.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.