ЖКККББ: Баткен шаарында коомдук транспорттор текшерилүүдө.

Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын башчысы Мирлан Боенов Баткен шаарындагы Баткен-Бишкек жана Баткен-Ош багыттары боюнча алыскы аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук унаалардын айдоочулары менен автобекетте жолугуп, түшүндүрүү жана текшерүү иштерин жүргүздү.
🌑 Жолугушуу учурунда, айдоочулардан жол эрежелерин сактоону, ылдамдыкты ашырбоону, карама-каршы тилкеге чыкпоону, жана каттамдан келген учурда, сөзсүз уктап эс алып, психологиялык жактан даяр болгон учурда жолго чыгуу керек экендигин эскертип, маршруттук унаада бара жаткан баардык жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө айдоочулар жоопту экендигин белгиледи.
🌑 Андан сырткары, жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын жана жеңил таксилердин материалдык-техникалык жабдыктарынын оң абалда болуусун, мыйзамга каршы келген тапчан, багаж өңдүү кошумча жабдыктардын жабдылуусуна жол берилбөөсүн, ошону менен бирге, салондогу тазалык, санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы тууралуу эскертти.
ЖКККББнын басма сөз кызматы.