ЖКККББгы ата-энелерди өспүрүмдөргө жол эрежелирин үйрөтүүгө чакырат.

ЖКККББгы  ата-энелерди  өспүрүмдөргө жол эрежелирин үйрөтүүгө чакырат.


Айдоочулар балдарды ташуудагы эрежелердин талаптарын сактабагандыктан, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыктары көп катталууда.


Жол кырсыгынан жаракат алган  балдардын  дээрлик бардыгы эреже бузуу менен ташылып, көп учурда жол эрежесин бузган айдоочулар балдардын ата-энелери болуп чыгууда.                

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы балдарды коопсуз ташуу боюнча талаптар жол эрежесинде кеңири жазылганын белгилеп,  алардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча тийишттүү чараларды дайыма көрүп турушат жана мыйзам боюнча балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн жооптуу болгон ата-энелер менен кеңири тарбия иштерин жүргүзүшүп келүүдө. Бирок, ошого карабастан,  бүгүнкү күндө өспүрүмдөр катышкан  жол кырсыктарынын  талдоосу дагы эле болсо маанилүү көйгөй болуп калууда.


Ошондуктан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкы башкармалыгы жаш өспүрүмдөрдүн  өмүрү жана ден соолугу чоң кишилерден көз каранды экендигин эске алып, балдарды унаа менен  ташууда төмөнкү эрежени  так сактоого чакырат:

12 жашка толо элек жүргүнчүлөрдү автокреслодо ташып келүү керек, ал күбөлөндүрүлүп, баланын боюна жана салмагына ылайык тандалып, көрсөтмөлөргө ылайык так орнотулушу керек. 


 Урматтуу ата-энелер эсиңиздерде болсун. Эгерде авто унаада жаш өспүрүмдөр болуп, жол кырсыгы катталган учурда, балдар үчүн  анын кесепети  чоң кишилерге караганда эки эсе  оор болоорун унутпаңыз!


ЖКККББнын басма сөз кызматы