ЖКККББ: Керимбаев Ырысбек Абдыралиевичтин жаркын элесине арналган футбол оюну боюнча турнерде Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү биринчиликти алды.

ЖКККББ: 2023 жылдын 7-8 июль күнү болуп өткөн Керимбаев Ырысбек Абдыралиевичтин жаркын элесине арналган футбол оюну боюнча турнерде Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү биринчиликти алды.

Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын арасында 1995-жылдан тартып, 2001-жылга чейин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик авто инспекциясы башкармалыгынын башчылык кызматын аркалаган Керимбаев Ырысбек Абдыралиевичтин жаркын элесине арналган футбол оюну боюнча турнерде;

-Биринчи орунду Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү ;

-Экинчи орунду ИИМдин Шумкар» атайын багыттагы боюнча полку;

-Үчүнчү орунду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы;

-Төртүнчү орунду ИИМдин Ички аскерлери ээлешти.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.