ЖКККББнын Атайын ротасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Чоң жолдордо күзөт посттору күчөтүлөн.

ЖКККББнын Атайын ротасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Чоң жолдордо күзөт посттору күчөтүлөн.

Туристтик мезгил учурунда, Бишкек шаарынан  Ысык-Көл облусуна каттаган Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда каттаган туристтердин коопсуздугун толук кандуу камсыздоо үчүн, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
 
Дем алыш күндөрү шаардан Ысык-Колгө бара жаткан унаалардын агымы көп болгондуктан, Атайын ротанын кызматкерлерине жетекчилик тарабынан ичип алып унаа башкаргандарды, ылдамдыкты ашырып айдагандарды жана одоно эреже бузган айдоочуларга тийиштүү чараларды көрүү менен коопсуздук багытында кызматты күчөтүү  тапшырмалары коюлду.

Ошондой эле Атайын ротанын кызматкерлери чет өлкөдөн келген туристтерге башкы  ЖКККББтарабынан даярдалган эскертме буклеттерди таратышууда.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.