ЖКККББгы туристтик фирмалардын өкүлдөрү менен жолукту.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын орун басары Манасбек Сыдыгалиев жана башкы башкармалыктын штаб жетекчиси Нурлан Молдалиев туристик агентстволордун жана туристтик фирмалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. 

Анда, туристтик мезгил учурунда,  чет өлкөдөн келген конокторду тосуп алуу, коопсуздугун камсыздоо жана керектүү учурда сервердик кызматтарды  көрсөтүү менен Кыргызтандын керемет жерлерин көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү багытында талкуулар орун алды.

ЖКККББнын орун басары Манасбек Сыдыгалиев өз сөзүндө; “-Бүгүнкү күндө туристтердин коопсуздугун камсыздоо багытында Бишкек-Балыкчы  унаа жолунда күзөт постторун күчөтүүнү, кызматкерлерге туристтердин убактысын алып, жолдо көп токтотпоого,  керктүү учурларда аларга жол көрсөтүү, багыт берүү, тил которуп берүү өңдүү сервердик кызматтарды көрсөтүү багытында өздүк курамга жетекчилик тарабынан тапшырмалардын коюлгандыгын  жана туристтерди ташыган маршруттук жана жеке унаалардын айдоочуларына коопсуздукту сактоо багытында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.