Бүгүн МАИ кызматынын түзүлгөн күнү. ЖКККББнын башчысы Азамат Исраиловтун өздүк курамды куттуктоосу.

Бүгүн МАИ кызматынын түзүлгөн күнү. ЖКККББнын башчысы Азамат Исраиловтун өздүк курамды куттуктоосу.


Урматтуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери, ардактуу ардагерлер сиздерди бүгүнкү 3-июль кесиптик майрамыңыздар менен башкы башкармалыктын атынан чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сиздердин талыкпаган ак кызматыңыздар менен өлкөбүздө коопсуздук сакталып, жол кыймылынын коопсуздугу камсыздалып келет.

Бүгүнкү күндө, ИИМдин түзүмүн реформалоонун алкагында, биздин кызматтын аткарган фунциясына, кызматтык милдеттерибизге  жана укуктук ченемдик актыларыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен техникалык базабыз жаңыланып келет. Бунун баары мезгилдин талабына ылайык, коопсуздук багытында жүрүп жаткан реформалардын башталышы кана. Аткарылуучу чоң милдеттер дагы да алдыда.

Урматтуу кесиптештер жана ардагерлер сиздердин бүгүнкү  кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктап, баарыңыздарга бекем ден соолук үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Өлкөбүздө туруктуулук жана өнүгүп өсүү орун алсын.

Терең урматтуу менен КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги  А. Исраилов.