ЖКККББ: Кесибин мыкты аткарган кызматкерлер сыйланышты.

ЖКККББ: Кесибин мыкты аткарган кызматкерлер сыйланышты.

Бүгүн, 3-июль Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай, КР ИИМдин ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов өз кесибин жогорку деңгээлде аткарып, коомдук коопсуздукту сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого кошкон зор салымдары үчүн, ЖКККББнын бир нече кызматкерлерин “Ардак” грамоталары, “Мактоо” баракчалары жана төш белгилери менен сыйлады.

Сыйлыктарды тапшырып жатып, жалпы кызматкерлерди куттуктоо менен бирге, баарына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.