ЖКККББ: Акыркы коңгуроо күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

ЖКККББ: Акыркы коңгуроо күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. 

Жакынкы күндөрү өтүүчү  9-11-класстардын акыркы коңгуроо жана мектепти бүтүп кеткен жарандардын 10, 20 жана 30 жылдык жолугушуу кечелери күндөрүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте  иш алып барышат. 


Азыркы учурда мугалимдерден бүтүрүүчүлөрдү  эч жака чыгарбоо туралуу милдеттемелерди жаздырып алуу менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

Анткени бүтүрүүчүлөр ошол күнү майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе,  клуб, ресторандарга чогулушуп, ичимдик ичип, унаа башкаруу менен ар кандай мыйзамсыз иштерге баруу коркунучу болууда.

Мындан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Автобекеттерге барып, жүргүнчүлөрдү ташыган маршрут айдоочуларына жана ижарага берген той кортеждерине барып, ошол күндөрү мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аларды тоо-суу эс алуучу жайларга алып барбоо боюнча түшүндүрүү иштери н жүргүзүштү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы акыркы коңгуроо күндөрү  шаардын чыгыш жана кириш жактарына атайын күзөт постторун орнотуп, өспүрүмдөрдү ташыган унааларды текшерүү менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.