ЖКККББ: Жалпы Республиканын аймагында жолдордун абалы текшерилүүдө.

ЖКККББ: Жалпы Республиканын  аймагында жолдордун абалы текшерилүүдө.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан  жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну жүзүгө ашырып жаткан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна жана темир жол  өткөөлдөрүнө жайкы изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Анда, жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунун жалпы абалы,  жол чийиндери, жол белгилери, коопту жана авариялык абалдары, түнкү убакыттагы жол жарыктыктары, эскирген жол көпүрө, тосмолору жана жол өткөөлдөрү   жеринен текшерүүгө алынып, аныкталган кемчиликтерди жана жетишсиздиктерди орундатуу боюнча тийиштүү кызматтарга сунуштамалар даярдалууда.

 

ЖКККББнын басма сөз кызматы.