Ушул жылдын 8-мартынан тартып, (38-1-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүүгө ылайык) бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган төмөнкү айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.

Алар:

182-берененин 4-бөлүгү. Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин атайын жаап алуу жана анын бирөсү жок башкаруу;

185-берене. Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбоосу;

187-берененин 3, 4-бөлүгү. Транспорт каражатынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу  (1. 40км/сааттан көп, 60км/сааттан көп эмес. 2. 60км/сааттан ашуусу)

188-берененин 4-бөлүгү. Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унаалардын кыймылына артыкчылык бербөө;

188-берененин 3-бөлүгү. Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу;

192-берененин 3-бөлүгү. Эгерде айдоочунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузуусу;

193-берененин 3-бөлүгү. Мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүүсү.