МАС АЙДООЧУЛАРГА КАРАТА!

Буга чейин,  Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинде көрсөтүлгөндөй, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 17 500 сом өлчөмүндө айып салынып, же коомдук жумуштарга тартылып келсе,  мындан ары мас абалында унаа башкарган айдоочулар унаа башкаруу укугунан  бир жылдык мөөнөткө ажыратылат.

Ал эми унаа башкарууга таптакыр укугу жок жарандардын мас абалында унаа башкаруусуна буга чейинки жоопкерчилик 5 500 миң  өлчөмүндө айып салынып келсе,  мындан ары үч суткага камакка алынат.

Эгерде мас айдоочу өзүнүн спирт ичимдигин ичкендигин текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан учурда,  буга чейин 17 500  сом айып салынып келсе, мындан ары  айдоочу үч суткага  жана айдоого укугу жок айдоочу 5 суткага  камакка алууга алып келет. Эгерде ошол эле айдоочунун спирт ичимдиги ичкендиги аныкталган учурда, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Буга чейин,  айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден-соолугуна  этиятсыздыктан залал келтирип,  бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда, 20 000 сом айып салуу же беш суткага чейин, камакка алуу болсо, мындан ары айдоого укугу жок  айдоочу жети суткага камакка алууга, ал эми айдоочу үч жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

 

Эгерде айдоочу  жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин, кайрадан кайталанып, мас абалында транспорт каражатын башкарган  жана мас абалында жол кырсыгына кабылган  учурда, авто унаасын  убактылуу алып кою менен үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.