Бүгүн, 13-апрелде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББнын) 2023-жылдын 1-кварталындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү.

Бүгүн, 13-апрелде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББнын) 2023-жылдын 1-кварталындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү. 

🟢Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ЖКККББнын начальниги Азамат Исраилов, ИИМдин тергөө кызматынын начальниги Альтаир Исмаилов, ИИМдин ички иликтөө кызматынын начальниги Жолболду Кочконов, ошондой эле анын орун басарлары, борбордук аппараттын бөлүм башчылары, ИИМдин ЖКККББнын облустук, шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн башчылары жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарын алдын алуу маселелери боюнча талкуулашты.

🟢Негизги доклад менен Азамат Исмаилов чыгып сүйлөп, 2023-жылдын 3 ай ичиндеги жыйынтыгы, ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн авариянын абалы, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга багытталган чаралар жөнүндө айтып берди.

🟢Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мамлекет башчысы жана ички иштер министри тарабынан жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларды күчөтүү, жол эрежесин сактоо, айдоочулардын жана жөө адамдардын арасында үгүт-насаат иш-чараларын жүргүзүү боюнча тапшырмаларды бардыгына эскертти.

🟢"Өлкөдө жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелери жогорку социалдык маанисин сактап калууда жана мурдагыдай эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Жогорку кызматтык тартип, милиция кызматкерлеринин жеке жоопкерчилиги ИИОнун натыйжалуу иштешинин маанилүү шарты болуп саналат", - деди министрдин орун басары.

🟢Кеңешменин катышуучулары балдардын жол-транспорт кырсыктарына катышуусу, көчө-жол тармагындагы кемчиликтерине байланыштуу жол кырсыктарынын алдын алуу жана көрүлүп жаткан чаралар маселелерин кеңири карап чыгышты. Өлүмгө алып келген жол кырсыктарына кылдат көңүл бурулду. ЖКККББнын кызматкерлери көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири баяндап айтып беришти.