ЖКККББ: Мас абалында унаа башкаргандардын саны 45 пайызга азайды.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 1-апрелден тартып, 7-апрелге чейин, 18 341 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-213;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -59;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-77;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-298;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-5 987;

-Авто ээнбаштык -6;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу-3 566;
 
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 7;
 
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары -8 128;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 156 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. 

Талдо көрсөтүп тургандай жаңы эрежелер күчүнө кирген күндөн  тартып, баардык эреже бузуулардын түрлөрү азайууда. Ал эми бир жуманын  талдоосу менен мас абалында ичип алып айдагандардын саны 45 пайызга азайган. 

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.


ЖКККББнын Басма сөз кызматы