ЖКККББ: Орозо күнүндө айдоочуларга ооз ачууга курма менен суулар таратылды.

Жолдогу айдоочулар жумушунан чыгып, үйүнө бара-жаткан учурда, көпчүлүгү ооз ачууга жетишпей калып жатышат. Ошого байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун  камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын адистештирилген ротасы жолдогу айдоочуларга жетекчиликтин тапшырмасы менен ооз ачарга суу менен курма таратышты.

Айдоочулар жол кыймылынын  коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин мындай сооп иштерине ыраазычылыгын билдирип баталарын берип жатышты.

ЖКККББгы тек кана жол кыймылынын коопсуздугуна кана көңүл бурбастан, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, карылар үйүнө жана жардамга муктаж болгон жарандарга колдон келишинче жардамын берип келет.


ЖКККББнын  басма сөз кызматы.