ЖКККББ:Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды  кармашты.

2023 жылдын 4-апрель күнү болжол менен саат 22:40 чамасында Кара-Балта шаарынын Коммунистический көчөсүндө жайгашкан “Алладин” караоке-кафеде Кара-Балта шаарынын тургунун 1996 жылы туулган Ж.Ж.И киши колдуу болуп жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке  ошол замат Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  келип, маалыматты тактоо менен кылмышка шектүү жаранды издөө өтүшкөн.

Кызматкерлердин ыкчам аракетинин натыйжасында ошол эле күнү  кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары Кыргызстан-Казакстан чегарасындагы  «Чалдабар» күзөт ордунан кылмышка шектүү катары 1991 жылы туулган А.уулу Бны кармашып, андан ары тийиштүу чара көрүү үчүн, Жайыл РИИБнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Чүй облустук ЖКККБнүн басма сөз кызматы.