ЖКККББ: “Переоборудование” рейдди жүрүүдө. 146 авто унаа кармалды.

ЖКККББ: “Переоборудование”  рейдди жүрүүдө. 146 авто унаа кармалды.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 28-марттан тартып, 15-апрелге чейин, өлкө аймагында унааларын мыйзамсыз  кошумча бак, багаж, тент, газ жана башка жабдуулар менен жабдыктап алган айдоочуларга карата рейддик иш-чара жүргүзүлүүдө.  


Азыркы учурда 146 авто унаа аныкталып, баары убактылуу токтотуучу айып короо токтотулуп, 5500 сомдон айып салынды.

Авто унаалар мыйзамсыз орнотулган жабдууларын чечип алмайын айып короо жайынан чыгарылбайт. 



ЖКККББнын басма сөз кзматы.