Акыркы бир жумада республикада 15 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталды.
Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды
алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик
иш-чараларды өткөрүп жатышат.
Акыркы жумада республикада 15887 жол эрежесин бузуу
аныкталды. Алардын ичинен:
- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын
белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3524;
- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок
башкаргандыгы үчүн – 161;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин
бузгандыгы үчүн – 4394;
- Автоээнбаштык – 3;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы
үчүн – 506;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен
тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы
үчүн – 81;
-жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин
талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6172;
-айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин
каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 24;
-мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын
башкаргандыгы үчүн – 215;
-унаа токтотуучу жайга коюлду – 927. Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык
катышуучуларына кайрылат.