11-12-октябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Мындай чаралар Азербайжан Республикасынын президенти И.Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына байланыштуу көрүлүүдө. Кортеждер өтүүдө гана унаа  каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр төмөнкү жолдордо киргизилип, жол боюнда  кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат:
- «Манас» аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен Мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Мамлекеттик резиденциядан Байтик Баатыр көчөсү менен А.Токомбаев көчөсүнө чейин;
-  Ч. Айтматов проспектисинен Ахунбаева көчөсү менен Достоевский көчөсүнө чейин;
- Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
- Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин.
                        Урматтуу шаардын жашоочулары жана коноктору!
Иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Жол тыгындарды болтурбоо үчүн жолдо жүрүү эрежелерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоону, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбоону суранабыз.
Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка аймактарына учуп кетүүчү жарандарды «Манас» аэропортуна алдын ала келүүсүн суранабыз.
ЖКККББгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууларына ишеним артат.