Ички иштер министрлиги “АвтоУраган” аталышындагы Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото-видеого көчүргөн стационардык комплексин ишке киргизди
Кайгуул унаалары республиканын
негизги жолдорунда иштеп жатат.
“АвтоУраган МС” комплекси кайгуул унааларынын үстүнө бекитилип, эки
жарым сферадан турат, алардын ар биринде панорамалык камера орнотулган.
Аппараттын борборунда айланадагы кырдаалды көчүргөн камералар менен радар
орнотулган.
Тутумдун дизайны унаанын 360
градус айланасындагы жолдордун абалын
көчүрүп алууга мүмкүндүк берет. Эскерткич камералар стационардык жана мобилдик
фото-видео байланыш тутумдарынын мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырат, башкача
айтканда, кичинекей унаа токтоочу жайлардан көп тилкелүү унаа жолдоруна чейин
толугу менен камтый алат. Камерадан алынган сүрөт кайгуул унаасынын ичинде
орнотулган инспекторлор көзөмөлдөп туруучу экранына берилет.
“АвтоУраган” автоматтык видео көзөмөлдөө
тутуму Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды жана издөө иш-чараларын көчүрүү
үчүн арналган. Ошондой эле бардык климаттык чөлкөмдө, жолдордо жана
кесилиштерде автотрафикти көзөмөлдөө үчүн активдүү колдонулат.
“АвтоУраган”
Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды токтотуу жана жол унаа
кырсыктарынын санын азайтуу үчүн натыйжалуу каражат болуп саналат.
“АвтоУраган”
төмөнкү уникалдуу мүнөздөмөлөргө ээ:
- унаалардын номурларынын белгилерин
тактап билүү;
-кир болуп калган же катуу
жабыркаган номурдун белгилерин жогорку деңгээлде таза таануу;
-бардык климаттык чөлкөмдө
күнү-түнү автотрафикти туруктуу көзөмөлдөө;
-иштеп жаткан комплекс радар-детекторлор
тарабынан аныкталбайт;
-эреже бузуунун ылдамдык
режиминен ашып кетүүнү гана эмес,
башка бузууларын дагы аныктоо;
-маалыматтар базасы боюнча
автоматтык издөө жүргүзөт;
-комплекстин программалык
модулдары башка фото-видео жазуу тутумдарын да таануу менен айырмаланат.