КООМДУК КЕҢЕШ БИШКЕК ШИИББИ БОЮНЧА МИЛИЦИЯНЫН КАЙГУУЛ КЫЗМАТЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАНА ЖКККББНЫН МОНИТОРИНГ БОРБОРУНУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ТАЛКУУЛАШТЫ

Бүгүн, 2021-жылдын 25-мартында Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын имаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Ыманалы Саркулов, ИИМдин ЖКККББнын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги Байышбек Ашырбеков, ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун начальниги милициянын полковниги Гульмира Баратова, ИИМдин УКЭКБнын начальниги, милициянын полковниги Нурбек Жангабылов, Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын начальниги милициянын подполковниги Алмаз Исаков жана ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышты.
ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов күн тартибинде талкууга алына турган маселелер менен тааныштырды: 2020-жылдын 12 ай үчүн Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын ишмердүүлүгү, ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун иши жөнүндө жана башка маселелер.
ИИМдин ЖКККББнын начальнигинин орун басары Ыманалы Саркулов милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип, Ош шаарында ишке киришкен милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн ишине дагы токтолду.
Андан соң, Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын начальниги Алмаз Исаков баяндамасы менен чыгып, 2020-жылдын 12 ай ичиндеги ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. 2020-жылдын 12 ай ичинде милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын полкунун кызматкерлери тарабынан “102” кызматынан келип түшкөн 62083 чалуулар тейленген. Алардын ичинен 37821 тастыкталгандар болсо, 24262 тастыкталган эмес. Алар тарабынан 550 кылмыш менен 2190 жоруктун бети ачылган. Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын кызматкерлери тарабынан Жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн 206247 протокол толтурулуп, 316 795 500 сом айып салынган. Бишкек шаары боюнча 2020-жылдын 12 ай ичинде 2183 (2611) -428(-19,60%) жол кырсыгы катталып, анын ичинен 72 (83) адам каза болсо, 2860 (3290) жабыр тарткан.
Андан соң ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун начальниги Гульмира Баратова төмөнкүлөргө токтолду: 2018-жылдын ичинде Кыргыз Республикасындагы “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу башталган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борбору түзүлгөн. Долбоордун башында 2019-жылдын 4-мартынан баштап 2021-жылдын 16-мартына чейин Мониторинг борборунун операторлору тарабынан 5573713 маалымат иштелип чыккан, анын ичинен 2 216 823 ЖКЭни бузуу жөнүндө токтом чыгарылып, 1 440 618 токтом төлөнүп, 1 575 619 850 сом өндүрүлгөн.
“Коопсуз шаарды” киргизүү оң натыйжага ээ. Анын иштөөсү менен жол-транспорттук кырсыктардын санын жана кесепетин азайтууга, ЖКЭни бузууну алдын алууга, айдоо маданиятын жогорулатууга, жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоого, коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга, мамлекеттик буюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга, жол инфраструктурасын модернизациялоого болот.
Өз кезегинде, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов азыркы учурда Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы натыйжалуу иштеп жаткандыгын жана Ош шаарында дагы ишке киргендигин билдирди. Биздин калктын негизги бөлүгү бул жаңы кызматты жакшы кабыл алууда жана ички иштер органдарындагы реформаны күтүп жаткандыгын баса белгилеп өттү.
Ялкун Даутов жыйынды жыйынтыктап жатып, бүгүнкү иш-чара пайдалуу жана кызыктуу болгонун кошумчалады. Бардык каалоочулар өздөрүнүн сунуштарын беришты.