Президенттик инаугурацияга карата даярдык иштери жүрүү учурунда унааларга чектөөлөр киргизилет

2021-жылдын  28-январь күнү  өтүүчү Президенттик инаугурацияга даярдануу иш чаралары өткөрүлдү. Ошого байланыштуу Бишкек шаарынын  айрым борбордук көчөлөрү убактылуу жабылып, унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, убактылуу киргизилген чектөөлөргө  шаардын тургундары менен конокторун түшүнүү менен кабыл алууларына чакырат жана келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана айдоочулук  маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат.

Ушул күндөрү чет өлкөгө жана республиканын башка региондоруна учуп кетүүнү жана сапар алууну көздөгөн жарандар, жол тыгындарын эске алуу жана кечигүүнү болтурбоо үчүн, маршруттарыңызды алдын ала пландаштырып, айланып өткөн альтернативдүү жолдорду тандоого же коомдук транспорттор менен жүрүүнү пландоого чакырат.