ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО БАШКЫ БАШКАРМАЛЫГЫ «2020-ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ» КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ТАНДАЛДЫ

2020-жыл ичинде ички иштер органдарынынын жана ЖКККББнын аброюн көтөрүүгө зор салымын кошуп, элибиздин коопсуздугу үчүн ак кызматын татыктуу аркалай алган алдыӊкы кызматкерлер «2020-жылдын мыктысы» наамына татышты.

Өзүнүн кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө зор салым кошкондугу үчүн, 2020-жылдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү боюнча өткөзүлгөн «Кесиби боюнча мыкты» сынагынын жыйынтыгынын негизинде төмөнкү кызматкерлер көпчүлүктүн арасынан суурулуп чыгып мыкты наамына татыктуу болушкан.

-        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын борбордук аппаратынын мыкты кызматкери», милициянын прапорщиги Абдылдаев Эсентур Жолдошбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын адистештирилген ротасынын кенже инспектору;

-        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ш. ИИББы боюнча ЖКККБнын мыкты кызматкери», милициянын прапорщиги Сатиев Талант Мүзүрбекович, Бишкек ш. ИИББы боюнча ЖКККБнын полкунун 3 – ротасынын 1- взводунун кенже инспектору;

-        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ош ш. ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын кенже лейтенант Турдумамат уулу Жаныбек,  Ош ШИИБы боюнча МККБнүн издөө тобунун инспектору;

-        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Чүй областтык ИИББы боюнча ЖКККБнын мыкты кызматкери», милициянын прапорщиги Карамурзаев Бакытбек Татыбекович, Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнын ЖКК батальонунун 1-взводунун кенже инспектору;

-        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ош областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын прапорщиги Бердибеков Акжол Акматович, Ош ОИИБы боюнча ЖКККБнүн ЖКК взводунун кенже инспектору;

-        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Баткен областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын старшинасы Сапаров Өмүрбек Токтосунович, Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнүн Кызыл –Кыя ШИИБү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кенже инспектору;

-        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын ага сержанты Айтмаматов Бексултан Абдимиталипович, Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн Тогуз-Торо РИИБү боюнча ЖККБнүн кенже инспектору;

-        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Нарын областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын прапорщиги Талипов Эгемберди Болотович , Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнүн  Кочкор РИИБү  боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кенже инспектору;

-        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Талас областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын старшинасы  Керимбеков Нурбек Таалайбекович, Талас ОИИБы боюнча ЖКККБнүн ЖКК саптык түзүмүнүн кенже инспектору;

-        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ысык-Көл областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын прапорщиги Эсенбаев Азамат Догтурбекович, Ысык-Көл ОИИБы боюнча ЖКККБнүн ЖКК саптык түзүмүнүн кенже инспектору.

ЖКККББнын жетекчилик курамы мыкты наамына арзыган кызматкерлерди куттуктоо менен бирге өз кызматына терең берилгендиги үчүн, мамлекеттин коопсуздугун, эл коопсуздугун, жол коопсуздугун өз өмүрүнөн бийик көрүп ак ниет менен кызмат кылгандыгы үчүн, бул кызматкерледи ардак лентасы жана грамотасы жана акчалай сыйлыктарды ыйгарышкан.