2021-жылдын 9-январдан 17-январга чейин, республиканын аймагында, жалпысынан, 9 миң 983 бузууларды аныкташты

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, 2021-жылдын 9-январдан 17-январга чейин, республиканын аймагында, жалпысынан, 9 миң 983 бузууларды аныкташты, алсак:

• Транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу -580 учур;

• Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2689;

• Унаанын айдоочулары тарабынан белгиленген ылдамдыктан ашыкча башкаруу – 1392;

• Унаа каражатын тийиштүү документтери жок адам башкаруу – 174;

• Унааны мас абалында башкаруу – 135;

• Тиешелүү уруксатсыз транспорттук каражаттын түзүлүшүн өзгөртүү – 38;

• Жөө жүргүнчүнүн жол эрежесин бузуусу – 100;

• Терезелери караңгылатылган унааларды башкаруу – 22;

• Кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө – 6;

• Автоээнбаштык – 6;

• Айып аянтчасына тототулганы – 508 транспорт.

ЖКККББы эскертет: Жол-транспорт кырсыктарынын көпчүлүгү жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен байланыштуу: ылдамдыктын ченеминен ашыкча башкаруу, ашып өтүү эрежелерин сактабоо, жол кыймылынын каршы тилкесине ​​чыгуу, аралыкты туура эмес тандоо, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн эрежелерин бузуу. Жол-транспорт кырсыктарынын жаракатына туруштук берүү - бул бүтүндөй коомдун, ошондой эле ар бир жол кыймылынын катышуучусунун жеке милдети. Муну эсиңизден чыгарбаңыз, ошондо биздин жолдор коопсуз болуп калат!