МИЛИЦИЯНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ТӨРӨТ КАБЫЛ АЛДЫ

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору төрөт үйүнө жете албай калган аялдын төрөтүн кабыл алды. 15-январда болжол менен түнкү саат 03:00дөр чамасында кичи инспектор менен милициянын старшинасы Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы стационардык постто турган. Аларга Урмат аттуу жигит кайрылып, төрөт үйүнө жетпей калганын, машинада аялынын толгоосу башталганын айтып жардам сураган. Инспекторлор аялды автоунаанын ичинде эле төрөтүп алып, андан соң тез арада жеткирүү үчүн патрулдук машинасы менен Чүй облустук ооруканасына чейин коштоп барышкан.

 Дарыгерлер кызматкерлер өз убагында жана квалификациялуу түрдө жардам беришкенин белгилешти Бактылуу ата-эне өз убагында жардам бергени үчүн инспекторлорго ыраазычылык билдиришти

 Бүгүнкү күндө эне-баланын саламаттыгы жакшы, төрөт үйүнөн чыгарылды. Эне-баланы үйүнө чыгарып жатканда инспекторлор перзенттүү болгон үй-бүлөнү куттуктап барышкан.