Каракчылыкка шектүүлөр изи сууй электе кармалды

Бишкек шаарында Пакистандын жарандарына кол салуу болгон. Тажикстандын жарандары алардын 40 миң долларын тартып алып, «Мерседес» унаасы менен качып кетишкендиги аныкталган.

Жабырлануучулар укук коргоо органдарына кайрылышкан. Шектүүлөрдү кармоо үчүн «Колго түшүрүү» планы жарыяланган. Болжолдуу маалымат бардык постторго жөнөтүлгөн.

13-январь күнү болжол менен 22:00 чамасында Чүй ОИИБдин инспекторлору «Сосновка» стационардык постунда күмүш түстөгү «Мерседес» унаасын токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда айдоочу жана жүргүнчүлөр катуу толкунданып, кыжырданып жатышканы байкалган. Инспекторлор алардан күмөн санап, суракка алып башташкан. Укук коргоочулар унаадагы адамдар качып бара жатышканын түшүнүп, айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү кармашкан.

Окуя болгон жерге барган Жайыл РИИБдин ыкчам тергөө тобу тинтүү учурунда кармалгандардан ири суммадагы акча табышкан (доллар). Кармалгандар милиционерлерге акчаны кайдан алышканын түшүндүрүп бере алышкан эмес.

Жыйынтыгында Тажикстандын 3 жараны Бишкек шаардык Октябрь РИИБге жеткирилди.

Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККББнын Басма-сөз кызматы.