Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККК башкы башкармалыгы Беловодск интернатынын балдарына белектерди тапшырды

Жаңы жылдык майрамдын алдында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Беловодсктогу психоневрологиялык балдар үйүнө барышты. Тарбиячылар жана балдар милиция кызматкерлерин кубаныч менен тосуп алышты. Балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектер берилди. Жагымдуу маанайда өткөн баарлашуу учурунда мугалимдер жана балдар ийгиликтери жөнүндө сүйлөшүп, кийинки жылга пландары менен бөлүшүштү. Анткени, мындай жолугушуулар жакшы салтка айланган.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери,  Жаңы жылдык майрамда интернаттын балдарына тартууланган ошол кубанычтуу мүнөттөр алардын жан дүйнөсүнө жарыктын жана жылуулуктун бөлүкчөлөрүн алып келди деп ишенишет. Кантсе да, кичинекей жүрөктөрдүн кубанычынан зор сыйкырдуу бакыт жана жакшылык өсөт!

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери интернаттын бардык кызматкерлерине жылуу тосуп алышкандыгы жана өмүрүн арнаган жакшы иши үчүн ыраазычылык билдиришти.

Тарбиячылар, мугалимдер жана балдар үйүнүн жетекчилиги ЖКККББнын кызматкерлерине туруктуу жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти.